"Шек келтирген сөздөр айтылып жатат". Шакиев ички маселени айтпоого чакырды (видео)

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттардан ички маселелерди көтөрбөнүү суранды.

"Урматтуу депутаттар, регламентке жараша иш алып баралы. Парламенттин жыйынында ички, анча-мынча өз ара маселелерди айтпасаңыздар. Ошондой маселелердин айынан бизге бир топ шек келтирген сөздөр айтылып жатат. Өткөн жумадагы депутат кесиптешибиздин сүйлөгөнүн көрүп жатасыздар. Ушундай нерселерден алыс болсоңуздар", - деди төрага Шакиев.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова айрым кесиптештерине нааразылыгын билдирген эле.

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин жыйынында ички маселерди айтпоого чакырды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан