Казакстандын көк бөрү жана көкпар курамалары Кыргызстандын курамалары менен "Биримдик кубогун" ойноо үчүн Кыргызстанга келе алышпайт. Бул тууралуу казак басылмалары билдиришти.
"Ысык-Көлдүн жээгинде өтүүчү "Биримдик кубогуна" федерация катыша албайт, анткени аталган даталарга башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда оюнчулар ошол мелдешке даярдык көрүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы казакстандык улакчыларды "Биримдик кубогуна" чакырган. Мелдеш Чолпон-Атада 1-ноябрга белгиленген. Анда көчмөндөр оюндарынын финалында беттешкен эки өлкөнүн көк бөрү жана көкпар боюнча курамалары ойномок.