Саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Facebook баракчасы аркылуу атасынын президент Садыр Жапаровго жазган кайрылуусун жарыялады.
Анда 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин 1 миллион долларды кымырып алган деген маалыматты убагында Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия жана Башкы прокуратура текшерип, мыйзам бузууну табышпаганы жазылат.
"Урматтуу президент, УКМК мени 2010-жылдын майында Улуттук Банктан 1 миллион долларды расписка менен алып, аны максаттуу иштетпей,өзүнө сиңирип алган деп айып койду. 2010-жылдын май айында Улуттук Банктан 1 миллион доллар албаганымды 2010-жылдын күзүндө Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, ушул маселелер боюнча парламенттен атайын комиссия түздүрүп иликтеткен жана Башкы прокуратура аркылуу текшерткен депутат катары Камчыбек Ташиев экөөңүздөр эң жакшы билесиздер.
Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн коллегиалдуу алган чечимдери менен 7-Апрель революциясынан кийин өлкөбүздө, айрыкча, түштүктө болгон бакиевдердин “кипиш” реваншисттик башаламандыктарын, анан ушундай ыңгайлуу убактты пайдалангысы келген Кадыржан Батыровдун сепаратисттик саясаттарынан келип чыккан 2010-жылдын 7-апрелинен 15-июнуна чейинки саясий оор абалды турукташтыруу үчүн укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында алынган акча пайдаланылган.
Темир Сариев экөөбүздүн ошол акчаны кантип пайдалануу жөнүндөгү жумушчу сүйлөшүүбүздү мыйзамсыз угулуп, чет өлкөдө монтаждалып, анан коомчулукка бизди жашыруун акчаларды бөлүшүп жатат деп көрсөтүү максатта чыгарылганы, 2010-жылы козголгон кылмыш иштин алкагында далилденген. Мен ал иш боюнча жабырлануучу болуп табылгам. Эми 14 жылдан кийин жабырлануучу Бекназаровдон ошол иштен өзүнчө иш токулуп, айыпталуучу болуп жатам.", - деп айтылат катта.
Саясатчы күнөөлүү болсо дагы аны камай алышпаарын, ага кылмыш ишин козгой алышпаарын белгилеген. Анткени мыйзам боюнча кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондой эле саясатчы акыркы жылдары жакындарына дагы кысым болуп жатканын кошумчалаган.
"Эки жылда мен үчүн бир тууган агам, уулум, уулумдун өкүл баласына чейин соттолушту. Ондогон куда, тамыр-сөөк, дос, жакындар сурак берди. Үй-бүлөмдө жападан жалгыз иштеп жаткан эң кенже уулумду “Ташиевдин жеке буйругу” деп, өз арызы менен беш ай мурда жумушунан кетиришти. Мага учурашканы келген бир иним Аксыда ошол түнү камакка алынды. Абактан чыккан үч ай бою УКМКнын, участкалык милиция, инспекторлордун “кайтаруусунда” жүрдүм. Ага карабай үч ай бою “үнүмдү” чыгарбадым.
Эгерде Кыргызстандын ынтымагы менен биримдигинин, саясий туруктуулуктун коркунучу менде деп эсептесеңер, анда жасалма иш козготуп тергөөчү, прокурор, сотторду "терге, кама" деп кыйнабай, менин үй-бүлөмдү, жакындарымды, кудаларыма чейин суракка алып кыйнабай эле, өзүмдү жеке өлкөдөн чыгартып жибериңиз", - деп айтылат катта.
Эске салсак, 13-сентябрда УКМК Бекназаров 2010-жылдагы Апрель окуяларында банк ячейкаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарды уурдоо жана коротуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалганын маалымдаган. Кийин Бишкетин Биринчи май райондук соту аны 2-ноябрга чейин камакка алынганын билдирген.