"Эртең акыркысы". Гарик Харламов Comedy Club жабылгандыгын жарыялады

Популярдуу орусиялык куудул Гарик Харламов Comedy Club комедиялык шоусунун жабылганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын телеграм каналдары жазышты.

"Урматтуу достор, бүгүн биз сиздерге абдан маанилүү жаңылыкты айтабыз. Биз Comedy Club жабылып жатканын тастыктайбыз", - деп билдирген Харламов.

Популярдуу шоунун акыркы сериясы эртең, 20-сентябрда саат 21:00дө эфирге чыгат. АНда шоунун коноктору биринчи жолу “Women’s Stand-Up” жылдыздары Белла Малу, Карина Мейханаджян, Ольга Малашченко жана Варвара Щербакова болушат.

Comedy Club комедиялык шоусунун тарыхы 2005-жылы башталган. Бул убакыттын ичинде көрүүчүлөр 20 телесезонду жана 800дөн ашуун оригиналдуу сериалды көрүштү. Шоу бир нече сыйлыкка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан