"Рэкетир" тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин рак оорусуна чалдыкты

Коңшу Казакстандын белгилүү "Рэкетир" тасмасында Русландын ролун жараткан казак актёру Мурат Бисембин рак оорусуна чалдыкты. Бул тууралуу ушул эле тасмада Саяндын ролун жараткан актёр Саят Исембаев айтып чыкты.

Саят Исембаевдин айтымында, Мурат Бисембин дарылануу үчүн акчалай жардамга муктаж, учурда акча чогултуу жарыяланды.

Актёр өзү дагы оорусу тууралуу маалыматты тастыктаган. Айтымында дарыгерлер андан уйку безинин рагы бар экенин аныкташкан.

"Мен ооруну үч жарым ай мурун уктум. Башында кусуп жатканымдан кандайдыр бир инфекция деп ойлоп, ооруканага жөн эле баргам. Анан жөн оору эмес экенин түшүндүм. Мен саргарып кеттим. Анан мени Сызганов атындагы хирургиялык борборго которушту, анткени биопсияда рак деген диагноз тастыкталды", - деген ал.

Бисембин буга чейин жергиликтүү онкологиялык борбордо химиотерапиянын бир нече курсун аяктаган. Достору дарыланууну чет өлкөдө улантууга кеңеш беришкен.

"Учурда биз клиника жана өлкө издеп жатабыз, бул жерде биздин онкологиялык борбордо реабилитация өзүмдүн каражатым менен жүрүп жатат. Мен көп дарыларды алышым керек экен. Азырынча так сумма Түркияда дарылануу үчүн 20 миң доллар экенин билдик, ага жатакана, учакка билет ​​жана коштоп жүрүү кирбейт", - деп белгилеген актёр.

Буга байланыштуу ал тартылып жаткан бир топ долбоорлорун токтоткон.

Актёр үй-бүлөлүү жана үч баласы бар.

Мурат Бисембин 1972-жылы 11-октябрда туулган. Ал КМШга “Рэкетир” тасмасындагы Русландын ролу менен белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан