Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинин ишине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, саммиттин ачылышында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш жана БУУнун башкы ассамблеясынын төрагасы Филемон Ян сөз сүйлөйт.
Келечек саммитинин жыйынтыгында туруктуу өнүгүү жана каржылоо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, илим, технология жана инновация, санариптик кызматташтык, жаштар жана келечек муундар жана глобалдык башкарууну трансформациялоого арналган “Келечек үчүн Пакттын” кабыл алынышы күтүлүүдө.
Бүгүн мамлекет башчысы Келечек саммитинин ишинин алкагында сөз сүйлөйт.
Белгилей кетсек, президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылышына катышып, 24-сентябрда анда сөз сүйлөйт.