Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Анда Жапаров мамлекеттик тил эгемендиктин эң башкы белгилери экенин билдирип, тилди өнүктүрүүгө жигердүү аракет жасоо керектигин айткан.
"Биздин тарых-таржымалыбыз менен көөнө маданиятыбыз эне тилден башат алат. Улут уңгусуна, анын нарк-насилине жан салып сактап келген, сактай турган дагы дал ушул эне тилибиз!
Көп тилдерден айырмаланып, кыргыз тили көөнө тил корун түзгөн тилдердин катарына кирет. Ошондой эле биздин эне тилибиз – жалпы түркий тектеш тилдердин өзөгү болуп келген улуу тил. Анын башкалардан өзгөчөлүгү мына ушунда.
Дегеле, ким болбосун тилди таза сактап, дилди аруу тутууга тийиш. Тил менен дил өз ара жуурулушканда гана ата-бабаларыбыздан кылымдардын кыйрынан бери муундан-муунга таберик болуп келаткан нарк-насил менен салт-санаа, акыл-парасат менен адеп-ахлактык келечекке өз кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ал эми өз эне тилине дилин бербеген, дитин койбогон, анын келечегине кам көрбөгөн элдин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болот", - деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Ошондой эле Садыр Жапаров санарип технологиясы менен мамлекеттик тилдин колдонуу айдыӊын кеңейтүү аркылуу билим берүү сапатын жакшыртып, этностор аралык биримдикти чыңдап, улуттук баалуулуктарыбызды бекемдей алабыз деген.
"Кезинде кыргыз тили адабияттын, маданияттын тили боло алабы деген сындуу собол турган. Ага мезгил өзү жооп берди. Кыргыз тили мамлекеттик деӊгээлдеги иш кагаздарынын тилине, анын ичинде мыйзам тилине, илим менен билимдин тилине айланды.
Кыргызстандыктарды бир туунун астына бириктирип, коомдогу туруктуулукту камсыз кылып келаткан эне тилибизди аздектеп сактоо жана аны жалпы улуттук орток тил катары өнүктүрүү – биздин башкы парзыбыз.
Улуттук биримдикти жана социалдык туруктуулукту сактап, келкели келип турган келечек муунга эне тилибизди татыктуу өткөрүп берели", - деди Садыр Жапаров.