Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп Гүлшат Асылбаева дайындалды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, ал 2023-жылдын сентябрь айынан бери Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп иштеп келген.
Асылбаева 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.