Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын четке какты. Бул туурасында бүгүн, 25-сентябрдагы парламент жыйынында белгилүү болду.
Жыйында депутаттар талкуусуз эле чечим кабыл алышты.
Кечээ, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Акаевдин макамы боюнча арызын карап, четке кагуу токтомун кабыл алган болчу.
Белгилей кетсек, 5-сентябрда Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылгандыгы маалым болгон.
Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алган.
Ошондой эле "Кумтөр" ишиндеги кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.
Ал эми 19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен. Андан соң ошол кездеги билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылгандыгын айткан.
Тунгуч президент пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жаткандыгын да айткан болчу.