Тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Бангкок шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2 коло медаль тагында. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эркектер арасында Рамис Масловец 42 килограммга чейинки салмакта жана кыздар арасында Милана Шихшабекова 51 килограммга чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болушту.
Курама команданы башкы машыктыруучу Дилшат Даутов жетектеп барды.