Депутат окуучулардын энергетикалык суусундуктарды ичип жатканына тынчсызданды

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Азамат Исираилов окуучулардын энергетикалык суусундуктарды ичип жатканын айтып, тынчсыздануусун билдирди.

Айтымында, балдар бул суусундуктардын зыяндуулугун эске албай жатышат.

"Мектеп окуучулары бүгүнкү күндө энергетикалык суусундуктарды ичишүүдө. Жаш балдар алардын зыяндуулугу канчалык экенин билбей жатышат. Өткөндө жолдо бара жатсак, менимче, 3-4-класстардагы эле балдар ичип жүрүшөт. Ушуну тиешелүү жетекчилер көзөмөлгө алып, иш алып барса", - деди депутат.

26.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан