Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 233-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 233-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 27-декабрь күнү саат 07:55тер чамасында катталган. Анда Ауди унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жол четиндеги бакты сүзүп алган. Кырсык болгон жерге КРнын ӨКМнын Кочкор райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, жабыркаган адамдарды медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан