"Элдин тагдыры моюнуңда". Садыр Жапаров бийликтин таттуулугун сезе электигин айтты

Өлкө башчы Садыр Жарапов "Кабар" агентигине маек куруп жатып журналисттин "сизге бийликтин таттуулугу сезилбей элеби?" деген суроосуна "сезген жокмун" деп жооп берди.

Жапаров муну мамлекет президенттик башкарууга өтүп, бардык жоопкерчилик анын моюнуна илингени менен түшүндүрдү.

"Чынын айтсам, таттуулугун сезген деле жокмун. Себеби мамлекет менен жалпы элдин тагдыры сенин моюнуңда болгондо сен деле сезмек эмессиң. Анткени күнү-түнү дебей ойлонуп чыгасың. Уйку жок. Ар бир ички жана тышкы саясатта жүрүп жаткан иштерге 24 саат бою сарсанаа болосуң. Эгер мурдагыдай жоопкерчилиги жок системада башчы болуп отурсам анда, балким, бийликтин таттуулугу сезилмек. Себеби эч нерсеге жооп бербейсиң. Жыргап жүрө бересиң. Жакшы иштер жасалса президент өзүнө ыйгарып, жаман иштер болсо өкмөт менен парламентке түртө салчу. Президент көшөгөнүн артында отурчу. Ошентип көшөгө артында отуруп алышып 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырышпадыбы.

Мамлекет алдыга жылбай бир орунда токтоп тургандын себеби да ушунда болду. Азыр президентти мыйзамдар менен жооп бересиң деп көшөгөнүн артынан элдин алдына чыгарып койдук. Учурдагы система таптакыр башка болду. Мейли президент канча премьер-министр алмаштырбасын жалпы элдин, мамлекеттин тагдыры менен жоопкерчилиги баары бир президенттин моюнунда. Менден кийин ким президент болуп келбесин мамлекеттин жакшысына да, жаманына да өз башы менен эл алдында жооп берет. "Көп суур ийин казбайт" дегендей, жоопкерчилик бир кишинин моюнунда болбосо болбойт экен. Анархия болуп мамлекетибиз чачырап кете жаздады.

Албетте, өкмөт менен парламенттин, сот менен прокуратуранын да өздөрүнө тиешелүү жоопкерчиликтери бар. Ар бири өз иштери үчүн мыйзам чегинде керт баштары менен жооп беришет. Эми саясатты артка таштап, экономиканы алдыга жылдыруу менен элдин жашоосун жакшыртууга жан үрөйлү. 30 жыл саясатташып жүрүп эч бир жакшылык тапкан жокпуз. Бир эле мисал келтирсем, кошуна кытай мамлекетинен технология жагынан алганда 100 жылга артта калыппыз. Эми ошону кыска убакытта, 20-30 жылда кубалап жетели", - деген өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан