Бүгүн, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Суу ресустары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеевдин ишмердүүлүгүн сынга алды.
Ал эл менен болгон жолугушууларда суу маселеси көп көтөрүлүп жатканын айтты.
"Маселе чечилип жатат, бирок өтө жай болууда. Таш бакадай эле кыймылдап жатат. Суу чарбасын тейлеген Сокеев таш бака эле болуп калды. "Жок" дебейт, "ооба", "макул", "аткарабыз" деп эле турат. Сокеевдин "ооба" деген сөзү календарь боюнча 3 жыл экен да. Суу боюнча "ообаңар" 3 жыл болсо, эми эмне кылабыз?", - деди Түлөбаев.