Швецияда эми чоң ата, чоң эне неберелерин багуу үчүн мамлекеттен акчалай жөлөк пул алышат. Тиешелүү мыйзам ушул жылдын жайында күчүнө кирген. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Швециянын Социалдык камсыздандыруу агенттигинин өкүлүнүн айтымында, жаңы мыйзам ата-энелердин жумушта иштеп жашоосун жакшыртууга жана гендердик теңчиликке көмөк көрсөтүүгө багытталган. Ал эми мыйзам долбоорун иштеп чыккан социалдык өнүктүрүү министри Швеция бүткүл Европага үлгү болот деп үмүттөнөт.
Августтун аягында агенттик телеканалдардын бирине билдиргендей, дээрлик 1500 жаран жаңы мыйзам берген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушкан.
Швецияда ата-энелер үчүн башка жеңилдиктер бар - бала 8 жашка чыга элек болсо, жумуш убактысы кыскартылат. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер үчүн - 12 жашка чейин.