Маймыл баланы өлтүргөндөн кийин Гвинеянын жашоочулары зоологдор борборун талкалашты

Гвинеядагы Боссу айылынын тургундары маймыл баланы өлтүргөндөн кийин Нимба тоо коругунун шимпанзе маймылын изилдөө борборун талкалап салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

26-сентябрда шимпанзе балалуу аялга кол салган. Сени Зогба аттуу аял талаада иштеп жүргөндө маймыл ага кол салып, тиштеп, сегиз айлык кызын токойго сүйрөп кеткен. Кийинчерээк коруктун жанынан кыздын жансыз денеси табылган.

Бул окуядан кийин жергиликтүү тургундар зоологдор иштеген имаратка кирип барып, документтерди өрттөп, жабдууларды, компьютерлерди жана дрондорду өрттөп салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан