Аралаш мушташ (ММА) боюнча украиналык чемпион Назарий Гаврилец Курск облусунда салгылашта каза болду. Мындай маалымат Украинанын Спорт комитетинин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Атайын багыттагы топтун улук оператору болуп иштеген Гаврилец атайын тапшырманы аткарып жатканда каза болгон.
Спортчу бир жарым айдан кийин 22 жашка чыкмак.