Селден жабыркаган Темир айылынын тургундары көчүрүлөт

Министрлер кабинетинин жыйынында август айында селден жапа чеккен Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылынын тургундарын көчүрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү жана керектүү жардам көрсөтүү каралган.

Токтом долбоору президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун жана Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чечимин эске алуу менен шашылыш түрдө иштелип чыкты.

Министрлер кабинетинин башка чечими менен Түп районундагы Балбай айыл аймагынын аймагында жайгашкан жер тилкеси «Запастагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер» категориясына өзгөртүлдү.

Мындай чечим Балбай жана Ысык-Көл айыл аймактарынын аймагында лыжа комплексин куруу үчүн кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан