Кечээ, 27-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын курама командалары беттеш өткөрдү.
Кыргыз футбол биримдиги билдиргендей, оюн 1:0 эсебинде Кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышууда. Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алышат.
Кыргыз курама I тайпасында Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курамалары менен бирге жайгашкан. Учурда курама турнирдик жадыбалда 6 упай менен экинчи орунда. Курама кийинки беттешин 29-сентябрда Жапонияга каршы өткөрөт.