Дагестанда Махачкала шаарынын четиндеги май куюучу жайдагы жарылууда каза болгондордун саны 11ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, жарылуу 27-сентябрь күнү кечинде Карабудахкент аймагындагы Жаңы Хушет айылында болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алып, май куюучу станциянын имараты талкаланган. Ошондой эле бир нече унаа жабыркаган.
Май куюучу жайдагы жарылууга байланыштуу бүгүн, 28-сентябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды. Курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүүлөрү маалымдалган.
Окуя боюнча кылмыш иши козголду.