Садыр Жапаров жалган маалымат үчүн айып салган долбоор боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берип, акыркы учурда коомчулукта талкуу жараткан интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору боюнча пикирин айтты.

Анда журналист өлкө башчыга "Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда комитетте каралып, коомчулукта талкуу жаратууда. Айрым депутаттар жана ММКлар бул мыйзамды кайра чакыртып алыш керек дешүүдө. Бул демилге боюнча сиздин позицияны билсек?" деген суроо узатты.

Мамлекет башчысы аталган мыйзам долбоорундагы айып пулдун суммасына каршы экенин айткан.

"Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет.

Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен урушса интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ММКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ММКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт" деген өлкө башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан