Израилдин аба чабуулдарынан улам миңдеген ливандыктар, анын ичинде "Хезболла" кыймылынын мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү өлкөдөн качып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, буга чейин 5 миңден ашуун үй-бүлө Сирия менен чек араны кесип өтүп, анын облустарына отурукташкан. Ливандыктардын Сирияга массалык миграциясы Израил армиясынын 23-сентябрдан бери Ливандын ар кайсы аймактарында жүргүзүлүп жаткан катуу аба чабуулдарынын фонунда башталды. Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, миңдеген ливандык үй-бүлө, анын ичинде “Хезболла” кыймылынын мүчөлөрү чек арадан өтүп, Хомс, Алеппо, Дамаск жана Хама провинцияларында баш калкалоодо.
Ливандын саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча, 27-сентябрдагы кол салуудан алты адам каза болуп, 91 киши жарадар болгон. Акыркы жумада каза болгондордун жалпы саны 700дөн ашты.
Чыр-чатактын күчөшү калктын массалык жер которуусуна алып келди. Ушул аптада эле Ливанда 100 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, өлкөдөгү жер которгондордун жалпы саны 200 миңден ашты.
Эл аралык коомчулук жаңжал көзөмөлдөн чыгып, АКШ менен Ирандын катышуусунда аймактык согушка айланып кетиши мүмкүн деп катуу тынчсыздануусун билдирди.