Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи кайтаруусун күчөттү

Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи коопсуздук чаралары күчөтүлгөн коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Reuters агенттигине Тегерандан маалымат берген эки аймактык аткаминер билдирди.

Мындай чечим Израил "Хезболланын" лидери Хасан Насралланы өлтүргөнүн жарыялагандан кийин аймактагы чыңалуунун кескин күчөшүнүн фонунда кабыл алынды.

Иран "Хезболла" жана башка прокси-топтор менен тынымсыз байланышта болуп, Израилдин кийинки кадамдарын аныктоого аракет кылууда. Иран парламентинин Улуттук коопсуздук комитети чукул жыйын өткөрүп, “сионисттик режимдин кылмыштарына катуу жооп берүүнү” талап кылды.

Аймактык кыймылдардын жогорку кызматтагы өкүлдөрүнө кол салуулар жыл башынан бери уланууда. 2024-жылдын январында ХАМАСтын саясий бюросунун төрагасынын орун басары Салех аль-Арури Бейрутта өлтүрүлгөн. 30-июлда Израил "Хезболланын" командири Фуад Шукрди жок кылган. 31-июлда Тегеранда ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлтүрүлгөн. 20-сентябрда Бейрутта "Хезболланын" атайын операцияларынын командири Ибрагим Акил жана элиталык Радван бөлүгүнүн командирлери жок кылынды.

Кырдаал 37 адамдын өлүмүнө жана үч миңден ашуун кишинин жараат алышына алып келген "Хезболланын" байланыш жабдууларынын массалык жардырылышы менен курчуду. Израиль кийинчерээк "Түндүк жебелери" операциясын баштап, Ливандагы 2 миңден ашуун бутага сокку урду. Эскалация массалык жер которууга алып келди, Ливанда бир жуманын ичинде 100 миңдей адам үйлөрүн таштап кетишти.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жуманын башынан бери эле өлкөдө 700дөн ашуун адам өлүп, 2200гө жакыны жарадар болгон. Өткөн жылдын октябрынан бери Ливанда каза болгондордун жалпы саны 1540тан ашты.

Газадагы кыргын тынымсыз уланууда, Израилдин Палестинанын эксклавына басып кириши 41 миң 500дөн ашуун адамдын, көбүнесе аялдар менен балдардын өмүрүн алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан