Билим берүү министрлиги "Евразия" уюму менен бир нече долбоорлорду ишке ашыра тургандыгын айтты 

Билим берүү жана илим министрлиги “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму менен бир канча долбоорлордун үстүндө кызматташат. Мындай билдирүү бүгүн, 30-сентябрда, “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-жыйында белгилүү болду.
Маалымдалгандай, анда “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму “Евразияны тааны. Кыргызстан” долбоору менен тааныштырып, долбоор жаштарды салттуу руханий баалуулуктар аркылуу бириктирүүгө багытталгандыгы айтылды.
Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» коомунун төрайымы Алена Аршинова программанын алкагында жаштардын көз карашын кеңейтип, аларга Евразия өлкөлөрүн көрсөтүү абдан маанилүү экендигин белгиледи.
Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Евразия» уюмунун жардамы менен алдыңкы билим берүү тажрыйбаларын киргизүү, STEAM окутууну күчөтүү үчүн Орусиядан мугалимдерди тартуу жана билим берүү туризмин уюштуруу пландалып жатканын билдирди.
Долбоорго Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин жаштары, адистештирилген жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү, студенттер, информациялык технология, өндүрүштүк технология жана биомедицина тармактарындагы жаш адистер катыша алат.
Эскерте кетсек, сентябрдын башында "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму жана Министрлер кабинети кызматташуу жана долбоорду өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан