Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугун талкуулаган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско жана башка ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Алар катышуучуларды заманбап этаптагы жол кыймылынын эрежелеринин эң актуалдуу маселелерин конструктивдүү талкуулоого, ошондой эле аны ишке ашырууга жана өркүндөтүүгө карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга чакырышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө эксперттер жол кыймылынын коопсуздугу боюнча темаларда баяндама жасады. Жоробеков унаа башкаруу маданиятын жогорулатууга жана коопсуздукту камсыз кылууда ар бир жол кыймылынын катышуучусу негизги ролду ойной тургандыгын эскертип өттү.