Садыр Жапаров “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводун ачты  

Бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Москва районунда “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда айыл чарбасы – негизги тармактардын бири экенин белгиледи.

Бул тармак мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жумуш орундарын түзүп, экспорттун өнүгүшүн шарттайт. Бүгүн биз мына ушул багыттагы жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатыбыздын бир мисалы катары “Бай Элим” айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү компаниясынын заводунун ачылышында турабыз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент алдын ала эсептөөлөр боюнча 2024-жылдын январь-август айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 45,1 миллиард сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлүп, өсүш 120 пайызды түзгөнүн айтты.

Анын айтымында, мындан тышкары бүгүнкү күндө республика аймагында тамак-аш азыктарын өндүрүү багытында 415 ири жана орто ишканалар иш алып барууда.

Садыр Жапаров “Бай Элим” компаниясынын директору Рысгүл Акимжанованын өндүрүшкө жана соодага жаңы прогрессивдүү инновацияларды киргизүү менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүүгө кошкон салымын белгилей кетти. Буга бүгүнкү айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү заводдун ачылышы айкын мисал болду.

Бул жагынан алып караганда ал мамлекет ишкерлерге ар дайым ачык, ар тараптан колдоого даяр экендигин дайым айтып келерин баса белгиледи. Тактап айтканда, аталган компаниянын кайра иштетүү өнөр жайын өркүндөтүү боюнча көп функционалдуу консерва заводун куруу демилгесин кубаттап, заводдун курулушуна жер маселеси чечилип берилген.

Мамлекет башчысы бул долбоордун наркы 410 миллион сомду түзгөнүн айтып берди. Анын 220 миллион сомуна заманбап өндүрүш жабдуулары сатылып алынса, 160 миллион сомуна өндүрүш жана кампа жайлары курулган. Ал эми 30 миллион сом айыл чарба техникасы жана тамчылатып сугаруу жабдууларына багытталган.

Садыр Жапаров заводдо 70 адам туруктуу иштесе, сезон маалында 1000ден ашуун жумуш орундарын түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан