Бүгүн, 30-сентябрда Алтынбек Кылычбаев №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн Алтынбек Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Белгилей кетсек, №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрда өттү.
Ал эми 26-сентябда БШКнын №150 токтому менен Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары аныкталган.