Бүгүн, 1-октябрдан тарта өлкө боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү «Айымдардын ден соолугу!» бир айлыгы жарыяланды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалымдалгандай, анын максаты – 18 жаштан жогорку аялдарды жугуштуу эмес оорулар боюнча консультация алуу үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелерине кайрылууга үндөө. Бул демилге «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» швейцариялык долбоору тарабынан колдоого алынууда.
"Акыркы төрт жылдын ичинде, 2020-жылдан 2023-жылга чейин, 15 000ден ашуун аял кант диабети диагнозу менен каттоого алынган, ал эми 45 000 аялда биринчи жолу гипертония аныкталган. Мындан тышкары эмчек безинин рагы жана жатын моюнчасынын рагы аялдардын арасында рак ооруларынын негизги өлүм себептеринин бири бойдон калууда.
Акция оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана аларды эрте аныктоого, оорулардын татаалдашуу коркунучун азайтууга багытталган. Октябрь айында аялдар акысыз кан басымын өлчөтүп, жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабетинин өнүгүү тобокелдигин аныктап, кандагы холестерин менен канттын деңгээлин текшертип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. Бул үчүн алар жашаган жериндеги баштапкы медициналык-санитардык жардам мекемелериндеги үй-бүлөлүк дарыгерге же медайымга кайрыла алышат", - деп айтылат маалыматта.