Жогорку Кеңеште 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүн утурлай 20дан ашуун үлгүлүү үй-бүлөлөргө төраганын атынан куттуктоо баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Сыйлыктарды депутаттар Марлен Маматалиев жана Аида Исатбек кызы тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө Маматалиев 50, 60 жылдан бери үй-бүлө очогун бирге тутантып келаткан ата-апаларды майрамы менен куттуктады.
Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо максатында уюштурулган саамалыкта сыйлангандардын арасында кыргыз элине белгилүү академик Миталип Мамытов жана жубайы Айна Мамытова, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жубайы Медеркан Осмоналиева, Эл артисттери Атайбек Бөдөшов жана жубайы Каныкей Эралиева да бар.