Бүгүн, 1-октябрда Соттор кеңеши Ош облустук сотунун ооруканага түшкөн судьясы тууралуу үн катты. Кечээ айрым ЖМКлар судья А.Н. өз жанын кыюуга аракет кылганын жазышкан.
Ага ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилери айтылды.
Соттор кеңешинин басма сөз кызматы ЖМКларда тараган "судья өз жанын кыюуга аракет кылды" деген маалыматты "туура эмес" деп атады. Бирок аны толук түрдө төгүндөгөн да жок.