Жапон парламентинин төмөнкү палатасы башкаруучу либералдык-демократиялык партиянын башчысы Сигэру Исибаны өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, 465 добуштун 291ине ээ болгон 67 жаштагы саясатчынын талапкерлигин колдоо эми жогорку палатада каралат.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-октябрда Фумио Кисида баштаган Жапониянын өкмөтү отставкага кеткен.