Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Советбек Рустамбек уулу жана Айбек Маткеримов Ош облусунун Ноокат районунда Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Эл өкүлү Советбек Рустамбек уулу иш-чаранын алкагында аймактагы 600гө жакын ардагерлерди куттуктап, аларга сый көрсөттү. Ал карыларды унутта калтырбай, жакындан кабар алып, көңүл буруу максатында майрамдык иш-чара уюштурулганын белгиледи.
Ошондой эле майрамдык кеченин жүрүшүндө ар бир катышуучуга депутат тарабынан белектер ыйгарылды.