Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуу бүгүн, 1-октябрда Согди облусунун Бустон шаарында өттү.
Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты жана өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өткөнү кошумчаланды.