Бишкекте 40 жылдан 66 жылга чейин чогуу жашаган түгөйлөр Бакыт үйүнө барып, лимузин менен шаарды айланышты. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады.
Бул долбоор продюсер Дана Абдыбековага таандык экени айтылууда.
Алды 66 жыл, арты 40 жылдан бери бири-бирине эриш-аркак жашап, жеңилин жерден, оорун колдон алган түгөйлөр жаштыгын бир эскеришкени айтылган.
"Алар бүгүн лимузин менен сейилдешип, тойканадан той өткөрүп жатышат", - деп жазган социалдык тармактын колдонуучулары.