Бүгүн, 1-октябрда "Нефтчи" - "Алга" беттеши орун алды. Аталган оюн Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында жайгашкан жаңыланган "Нефтчи" спорт комплексинин стадионунда орун алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесининен билдиришти.
Анда стадиондун газону толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, табигый боюнча калды жана анда автоматтык суугаруу системасы орнотулган.
Ага ылайык, VIP-трибунаны, командалардын жана оюндун калыстарынын кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү жаңыртылып, VAR-системасын колдонуу үчүн бардык шарттар түзүлдү.
Мындан тышкары стадиондо заманбап жарыктандыруучу мачталары жана LED экран орнотулган.
Эске салсак, толук оңдоп түзөөдөн өткөн бул спорт комплекстин ачылыш аземи 28-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн.