Ош шаарында 5-октябрда шаар күнүнө арналган шоу концерт өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара саат 19:00дө башталып, ырчылар Гүлжигит Сатыбеков, Эрлан Андашев, Нурлан Насип, Фриман, Керим Турапов, Озода Нурсаидова жана башка эстрада жылдыздары коштойт.
Иш-чаранын алып буруучулары Эркин Рыскулбеков жана Айзада Жамгырчиева болору маалымдалды.