Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарында Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, алар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдө, транспорт жана логистика тармагында өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Белгилей кетсек, Жапаров Ереванга Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган.