Өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын Жидда шаарына учуп барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-октябрда "Ак шумкардын" оюнчулары ал жакка машыгуу өткөрүү үчүн барган. Машыгуудан кийин улуттук курама 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында Катар курамасы менен боло турган беттеш үчүн Доха шаарына учуп кетишет.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Катардын ортосундагы оюн 10-октябрь күнү өтөт.