Орусиянын Иркутск шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери этникалык диаспоралардын жетекчилерин "мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн" деген шек менен кармады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, өзбек улуттук борборунун төрагасы жана тажик диаспорасынын төрагасынын орун басары чет өлкөлүктөргө орус тилин, тарыхын жана мыйзамдарынын негиздерин билгендигин тастыктаган сертификаттарды акчага тариздешкен. Кармалгандардын бири камакка алынса, экинчисине айрым аракеттерге тыюу салынган.
Маалыматта кошумчалангандай, алар сертификаттарды берүү менен январь айынан бери алектенип келишкен. Документтер Приангарья аймагында эмгек патентин жасатууга жана убактылуу жашап турууга уруксат алууда колдонулган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр аларды сатуудан 1,5 миллион рублдан ашык каражат пайда көрүшкөн. Шектүүлөрдүн кеңсесиндеги жана жашаган жерлериндеги тинтүү иштеринин натыйжасында компьютерлер, флеш-дисктер, 1,7 миллион рубль акча каражаты, банк карталары, ок-дарылар жана бир катар документтер алынган.
Учурда аларга карата "коммерциялык жемкорлук" жана "мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жаткандыгы маалыматта белгиленген.