БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык тобунун төрагасы Жим Ски глобалдык жылуулуктан улам түштүк Европада чөлдүү аймактар пайда болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эксперттин айтымында, бүт Европа, өзгөчө Жер Ортолук деңизи коркунучта. Ал чөлгө айлануу буга чейин Түндүк Африкада гана эмес, Греция, Португалия, Түркия сыяктуу Европанын түштүк аймактарында да байкалган.
"Бүткүл Европа, айрыкча Жер Ортолук деңизи коркунучта. Биз азыртан эле чөлгө айлануу Түндүк Африкада гана эмес, Греция, Португалия жана Түркия сыяктуу Европанын түштүк четинде да болуп жатканын көрүп жатабыз", - деген ал.
Эксперт ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен Европадагы айрым экономикалык иш-аракеттер кыйындашы мүмкүн экенин баса белгиледи.