Бишкекте Хонда CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу белгисиз курал менен таксинин алдыңкы айнегин сындырды. Бул тууралуу видеону активист Болот Ибрагимов өзүнүн Телеграм каналына жарыялады.
Видеодо Хонда CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасынан күрөккө окшош куралды алып, алгач өзүнүн унаасынын күзгүсүн сындырып, андан кийин таксинин алдыңкы айнегин сындырганын көрүүгө болот.
Кайгуул милициясы окуя боюнча маалымат бере элек.