"Хезболла" Израилдин Бейрутка кечээ жасаган чабуулуна жооп иретинде Хайфага жана анын тегерегине жүздөн ашуун ракетасын учурган.
Бүгүн ага жооп катары Израилдин аскер-аба күчтөрү Бейруттун түштүк четиндеги райондоруна эки жолу сокку урду.
Эске салсак, Израилдин кечээки чабуулу учурунда "Хезболланын" штаб-квартирасынын жетекчиси Сухейл Хусейн Хусейни өлтүрүлгөн.
Ал Ирандан курал-жарактарды жеткирүүгө жооптуу болгон, ошондой эле курал-жарактарды бөлүштүрүүгө катышкан.