Бүгүн, 8-октябрда президенти Садыр Жапаров Москва шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын тар форматында сөз сүйлөдү. Блут туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, мамлекет башчылары шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.
Садыр Жапаров шериктештиктин мейкиндигинде өнүгүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү болуп акыркы жылдары байкалган улуттук экономикалардын туруктуу өсүшү, социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышы, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорулашы саналарын айтты.
Күн тартиби боюнча Садыр Жапаров Кыргызстан Шериктештикке кирген мамлекеттердин башчыларынын совет элинин 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуусунун кабыл алынышын жана “1941-1945-жылдардагы Эмгек даңкы шаары” ардактуу наамы жөнүндө жобонун бекитилишин колдой турганын билдирди. Президент кыргыз тарап Улуу Жеңиш эстутумун түбөлүккө калтыруу боюнча КМШ алкагында өтө турган бардык иш-чараларга активдүү катышаарын белгиледи.
Президент КМШ мамлекеттеринин агроөнөр жай базасына таянуу менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылды, ал өзүн керектүү продукция менен камсыз кылууга жана импортту кыскартууга мүмкүндүк берет.
Энергетикалык коопсуздук маселелеринин актуалдуулугун баса белгилеп, Садыр Жапаров энергоресурстарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) генерациялоону, товар алмашууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырды. Ошондой эле ЭКБны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүү жана КМШ өлкөлөрүндө “акылдуу” тармактарды (smart grids) киргизүүнүн жалпы программасын иштеп чыгуу зарылдыгын айтып өттү.
Мамлекет башчысы эмгекчилердин кирүүсүнө болгон чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, эмгек миграциясы чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө чакырып, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, эмгекчилердин укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында эмгекчилердин эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө боюнча жалпы ишти улантуунун зарылдыгын баса белгилеп өттү.
Сөзүнүн аягында президент КМШ алкагында кызматташууну жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да колдой тургандыгын айтып, жыйындын жыйынтыгы мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз болот деген ишенимин билдирди.