Мэр Жунушалиев жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө берди

Бүгүн, 9-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев калаа бийлигинин жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча түшүндүрмө берди.

Ал мындай демилге коомдук транспорттордун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан көтөрүлүп жатканын белгиледи.

"Накталай төлөм үчүн жол кирени 40 сомго чейин көтөрөлү деген долбоорун коомдук талкууга чыгардык. Себеби накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтөлү деп жатабыз. Айдоочулардын автобусту айдоосу боюнча акыркы убакта парламентте дагы маселе көтөрүлүп келди. Накталай болгондо биз айдоочуларга план койгонго муктажбыз. Анан алар планды аткаруу үчүн автобусту катуу ылдамдыкта айдаган учурлар болуп жатат. Эл аралык тажрыйбаны карасак деле накталай төлөмдөр 100-200 пайыз жогору болот экен", - деди Жунушалиев.

Ошондой эле мэр накталай эмес төлөм мурунку эле баа менен каларын айтып, эми бир күндө 2 же 3 каттам кылгандарга бир эле төлөм менен жүрө турган система киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө бааны кымбаттатууну сунуштаган. Шаар бийлиги бул калкты электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга кызыктыруу үчүн иштелип чыкканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан