Парламент Базарбековдун кызматтан кетүү чечимин колдоду

Бүгүн, 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековду кызмат ордунан бошотууга макулдук беришти.

Жыйында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Базарбековду кызматтан бошотуу тууралуу президенттин сунушу менен тааныштырып жатып, ал өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде Жогорку соттун төрагалыгынан кетип жатканын билдирди.

Жыйынтыгында 66 "макул", 1 "каршы" добуш болду.

Буга чейин Базарбековдун арызын Судьялар кеңеши карап, канааттандырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан