Депутат Талиева Билим берүү министрлигинин реформасын сынга алды

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында депутат Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигинин реформасын сынга алды.

Айтымында, учурдагы билим берүү системасы реформага даяр эмес.

"Мектептердеги статусту алып, 800 миллион сом үнөм болду дегениңер менен, мугалимдер жеке менчик мектептерге кетип, мамлекеттик мектептердин сапатын төмөндөтүүгө алып келесиңер да. Бишкектеги №61, 26, 70, 17, 69 мектептердин көпчүлүк мугалимдери кетип жатат.

№67 мектептин директорунун туура эмес мамилесинен коллективде маселелер чыгып жатат. Биз реформа жүргүзөбүз деп айтып жатабыз. Мына айыл жеринде да, аймактарда да бүт нааразычылыктар. Бул реформа эмес, биз кайра артка кетип жатабыз. Мисалы, Кыргыз билим берүү академиясы (КБА) бар эле бизде. Анын директорунун үстүнөн арызданган эле коллектив да. КБАда бүт күчтүү мугалимдердин баары кетип калды. Мен 12 жылдык билим берүүгө эмнеге каршы болгом? Себеби биз ага даяр эмеспиз. Сиздерде стандарттык, методикалык илимий изилдөөлөр барбы? КБАда кандай иштер жүрүп жатат", - деп суроо узатты Талиева министрге.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз билим берүү академиясында адистердин жумуштан кетиши боюнча түшүндүрмө берди.

"Акыркы жылдары бардык мамлекеттик кызматтарда айлык көтөрүлсө, Кыргыз билим берүү академиясында же методикалык кызматтарда көтөрүлгөн жок. Экинчиден, бүгүнкү күндө билим берүү стандарттарын толугу менен Кыргыз билим берүү академиясы жазып жатат", - деди министр.

Депутат Талиева министрдин жообуна канааттанбай, реформага даярдык жоктугун баса белгиледи.

"Шаардык мугалимдер менен сүйлөшсөк жаңы мугалимдер 20 миң сомдун тегерегинде айлык алат экен. 40 жыл иштеген мугалим "25 саат менен 25 миң сом алам" дейт, бул маяна өтө аз", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан