Бүгүн, 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков кесиптештерин Талас облусунун 80 жылдык мааракесине чакырды.
Ал иш-чара президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатканын айтты.
"Талас тарыхта 750-жылы эле белгилүү болгон. Эми облус болуп түзүлгөнүнө 80 жыл болуп жатат. Улуттук оюндар, жакшы көргөзмөлөр болот. Келип көрүп кетиңиздер", - деди депутат.
Төрага Нурланбек Шакиев Жумабековго чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүк болсо депутаттар барууга даяр экенин кошумчалады.