Садыр Жапаров “Дастан сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районунда курулуп жаткан “Дастан сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, комплекс 2660 батирге ылайыкталган 17 кабаттуу 24 үйдөн турат. Мамлекеттик ипотекалык компания менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ага жашоого толугу менен даяр абалда 500 батир берилет.

Мамлекет башчысына курулуш көп жылдар бою кароосуз калган карьердин ордунда пайда болгон таштанды полигону жайгашкан жерде жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Бул жер тилке көптөн бери экологиялык көйгөй болуп келген жана аны тазалоо үчүн чоң аракеттер жасалган. Бул аймактан тонналаган таштанды чыгарылганы белгиленди.

“Экспострой курулуш” ЖЧКсынын директору Кубанычбек Түлеев президентке долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирерин, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралганын айтып берди. Ал ошондой эле жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн курула турган балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, ар бири 140 орундуу 2 бала бакча бар турак жай комплексинин долбоорун көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, ал эми долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган.

“Дастан сити” долбоору – мурда кароосуз калган жана булганыч жерлерди жашоочуларга коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кыла алчу көрктөндүрүлгөн райондорго айландыруунун символу болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан