Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Элдар Сулайманов бар.