Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, төрага баштаган делегацияны Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык аэропорттон Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасынын биринчи орун басары Ватанзода Махмадали Махмадулло тосуп алды.
Иш сапарынын алкагында Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган парламенттер аралык конференцияга катышат. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.